2026–2027-окуу жылына аспирантура жана докторантура программаларына кабыл алуу.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2026-жылдын 1-октябрына чейин.
Кабыл алуу сынактары: 2026-жылдын 1-октябрынан 6-октябрына чейин өткөрүлөт.
Дареги: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУ, Г.Айтиев көчөсү, 27. Байланыш телефондору: +996 557747053, +996 555 837 938.
Кошумча маалымат алуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн байланыш номерлери аркылуу Илим, аспирантура жана докторантура бөлүмүнө кайрылууга чакырабыз.
PHD ДОКТОРАНТУРА ПРОГРАММАЛАРЫ БОЮНЧА ЛИЦЕНЗИЯЛАР
КР ББжИМнин Лицензиялоо боюнча кеңешинин 2025-жылдын 11-июлундагы №7 отурумунун №7-1 чечиминин негизинде Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУ жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программалары (Философия доктору (PhD)/профиль боюнча доктор) боюнча төмөнкү 5 багытта докторанттарды кабыл алууга лицензия алынган.
PhD ДОКТОРАНТУРАГА ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ ТӨМӨНДӨГҮ 5 БАГЫТ БОЮНЧА ЖҮРГҮЗҮЛӨТ:
|
№ |
Шифр |
Философия илимдеринин доктору (PhD) / тармактар боюнча докторду даярдоо багытынын аталышы |
Квалификациянын аталышы |
|
1 |
510000 |
Физика-матемитика илимдери жана фундаменталдык информатика |
|
|
2 |
520800 |
Экология жана жаратылышты туура пайдалануу |
|
|
3 |
530500 |
Юриспруденция |
|
|
4 |
580100 |
Экономика |
|
|
5 |
670200 |
Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо |
|
Аспирантура программалары боюнча лицензиялар
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (ББжИМ) 2023-жылдын 2-ноябрындагы №5334/1 жана 2024-жылдын 16-декабрындагы №3/3723 буйруктарынын негизинде КӨЭАУга 8 илимдин тармагы боюнча 18 адистикке күндүзгү жана сырттан окуу формаларынын аспирантура программаларына лицензия алынган.
Юридикалык жакты каттоо күбөлүгү: №65654-3310-У-е, берилген күнү: 2024-жылдын 16-декабры, каттоо номери: №2024-0202.
АСПИРАНТУРА ПРОГРАММАЛАРЫ БОЮНЧА АДИСТИКТЕРДИН ТИЗМЕСИ:
Физика-математикалык илимдер:
01.02.06 – Машиналардын, приборлордун жана аппараттардын динамикасы жана бышыктыгы (Динамика, прочность машин, приборов и аппаратуры);
01.04.07. - Конденсат абалынын физикасы (Физика конденсированного состояния).
Техникалык илимдер:
05.02.18 – “Механизмдердин жана машиналардын теориясы” (Теория механизмов и машин);
05.05.03 – Дөңгөлөктүү жана казтамандуу машиналар (Колесные и гусеничные машины);
05.05.06 – Тоо-кен машиналары (Горные машины);
05.13.16 – Илимий изилдөөлөрдө эсептөө техникаларын, математикалык моделдештирүүнү жана математикалык усулдарды колдонуу (Применение вычислительной техники, математическое моделирование и математических методов в научных исследованиях).
Биологиялык илимдер: 03.02.08 – Экология
Философиялык илимдер: 09.00.11 – Социалдык философия (Социальная философия)
Юридикалык илимдер:
12.00.01 – Мамлекет жана укук теориясы жана тарыхы; мамлекет жана укук жөнүндө окуунун тарыхы (теория и история права и государства; история учений о праве и государстве);
12.00.09 – Жазык процесси, криминалистика, ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгү (уголовный процесс, криминалистика, оперативно-розыскная деятельность).
Экономикалык илимдер:
08.00.05 – Экономика жана эл чарбасын башкаруу (Экономика и управление народным хозяйством);
08.00.10 - Каржы, насыя жана акча (Финансы, денежное обращение и кредит);
08.00.12 - Бухгалтердик эсеп жана статистика (Бухгалтерский счет и статистика).
Филологиялык илимдер:
10.01.01 - Кыргыз адабияты (Кыргызская литература);
10.02.20 – Тарыхый-салыштырмалуу, типологиялык жана салыштырмалуу тил таануу (Сравнительно-историческое, типологическое и сопоставительное языкознание).
Педагогикалык илимдер:
13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы (общая педагогика, история педагогики и образования);
13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы жана усулу (билим. тармак. жана денгээли боюнча) (теория, методика обучения и воспитания) (по отраслям и уровням знаний);
13.00.04 – дене-тарбиянын, спорттук машыгуунун, ден-соолукту чыңдоонун жана адаптациялык дене маданиятынын теориясы жана методикасы (теория и методика физического воспитания, спортивной тренировки, оздоровительной и адаптивной физической культуры).
Аспирантурага жана PhD докторантурага тапшыруу үчүн талап кылынган документтердин тизмеси:
- арыз – ректордун атына жазылат;
- илимий жетекчинин макулдугу (жазуу түрүндө);
- жеке документтердин көчүрмөлөрү (паспорт жана эмгек китепчеси);
- жогорку кесиптик билим тууралуу дипломдун көчүрмөсү (адис же магистр диплому тиркемеси менен);
- кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча (толтурулган оригинал);
- өмүр баян (автобиография);
- илимий эмгектердин тизмеси – жарыяланган илимий макалалардын жана ойлоп табуулардын тизмеси (бар болсо), болбосо тандалган адистик боюнча реферат;
- сүрөт – 3×4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт.


