Эл аралык илим күнүнө карата илимий семинар өттү

7 көрүү
Эл аралык илим күнүнө карата илимий семинар өттү

Эл аралык илим күнүнө карата илимий семинар өттү

10-ноябрь — Эл аралык илим күнүнө карата Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин юридика-экономикалык факультетинде илимий семинар уюштурулду.

Иш-чарага университеттин илим жана инновациялар боюнча проректору, профессор Алмазбек Атабеков, факультеттин деканы, юридика илимдеринин доктору Алмагүл Көкөева, илим, аспирантура жана докторантура (PhD) бөлүмүнүн башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент Ильязбек Исаев, ошондой эле аспиранттар, магистранттар жана окутуучулар катышты.

Семинардын ардактуу коногу, техника илимдеринин доктору, профессор Медербек Марипжанович Исманов «Диссертация жазуунун тартиби, коюлган критерийлер жана негизги талаптар» деген темада баяндама жасады.

Баяндамада диссертациялык иштерди даярдоонун тартиби, илимий изилдөөлөргө коюлуучу критерийлер жана талаптар, диссертациянын темасын туура тандоо, изилдөөнүн максат-милдеттерин аныктоо, илимий жаңылыгы менен практикалык маанисин негиздөө маселелери кеңири каралды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы № 637 токтому менен бекитилген «Окумуштуулук даражаларды ыйгаруунун тартиби жөнүндө» жобонун негизги талаптары түшүндүрүлдү. Мындан тышкары, диссертациянын түзүмү, илимий макалаларды жарыялоо боюнча талаптар жана диссертациялык иштерди белгиленген нормативдик документтерге ылайык тариздөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алып, илимий изилдөө иштерин жүргүзүү жана диссертацияларды даярдоо боюнча пайдалуу маалыматтар менен таанышышты.

Бул иш-чара жаш изилдөөчүлөрдүн илимий потенциалын жогорулатууга, илимий иш жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүн терең түшүнүүгө жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түзгөн маанилүү аянтча болду.

Сүрөттөр

Башка жаңылыктар