Илимий-техникалык кеңештин кезектеги отуруму өттү
Кечээ, 29-октябрь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Илимий-техникалык кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү. Илим, аспирантура жана PhD докторантура бөлүмү тарабынан уюштурулган бул отурумда окуу жайдын илимий багытындагы актуалдуу жана көйгөйлүү маселелер кеңири талкууланды.
Отурумдун күн тартибине ылайык, негизги маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды:
Илимий-техникалык кеңештин жылдык иш планы расмий түрдө бекитилди;
Кафедралардын илим-изилдөө иштеринин планына пландалуучу илимий эмгектерди жана макалаларды киргизүү маселеси каралды;
КӨЭАУнун аспирантурасына кабыл алуу боюнча орчундуу маселелер талкууланды.
Мындан сырткары, окуу жайдын илимий ишмердүүлүгүнө байланыштуу ар түрдүү маселелер ортого салынды. Жыйында илимий-изилдөө иштеринин негизинде окуу-методикалык кеңешмелерди жаңылоо зарылчылыгы баса белгиленди. Илим багытын өнүктүрүү университеттин эл аралык рейтингин өстүрүүгө жана окуу жайга жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү тартууга түз жол ачары айтылды.


