Илимий-техникалык кеңештин кезектеги отуруму өттү
Кечээ, 29-октябрь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Илимий-техникалык кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү.
Илим, аспирантура жана PhD докторантура бөлүмү тарабынан уюштурулган бул отурумда окуу жайдын илимий багытындагы актуалдуу жана көйгөйлүү маселелер кеңири талкууланды.
Отурумдун күн тартибине ылайык, негизги маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды:
Илимий-техникалык кеңештин жылдык иш планы расмий түрдө бекитилди;
Кафедралардын илим-изилдөө иштеринин планына пландалуучу илимий эмгектерди жана макалаларды киргизүү маселеси каралды;
КӨЭАУнун аспирантурасына кабыл алуу маселелери жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары кеңири талкууланды. Жыйындын жүрүшүндө аспирантурага кабыл алуу жараянын уюштуруу, илимий кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу, жаш изилдөөчүлөргө колдоо көрсөтүү жана алардын илимий иштерин натыйжалуу уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан сырткары, окуу жайдын илимий ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар актуалдуу маселелер ортого салынды. Атап айтканда, илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктарын окуу процессине кеңири киргизүү, алардын негизинде окуу-методикалык материалдарды жана окуу-методикалык кеңешмелерди жаңылоо зарылчылыгы белгиленди. Ошондой эле илимий изилдөөлөрдүн практикалык маанисин жогорулатуу, илимий долбоорлорду колдоо жана университеттин профессордук-окутуучулук курамынын илимий активдүүлүгүн күчөтүү боюнча пикирлер айтылды.
Жыйында илим багытын өнүктүрүү университеттин жалпы өнүгүүсүнүн маанилүү бөлүгү экени баса белгиленди. Илимий потенциалды жогорулатуу, эл аралык илимий кызматташтыкты кеңейтүү, чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар жана илимий борборлор менен байланыштарды чыңдоо окуу жайдын эл аралык рейтингин көтөрүүгө өбөлгө түзөрү айтылды.
Ошондой эле илимий жетишкендиктер университеттин инвестициялык жагымдуулугун арттырып, эл аралык гранттарды, долбоорлорду жана жаңы каржылоо булактарын тартууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачары белгиленди. Жыйындын катышуучулары илимий ишмердүүлүктү системалуу өнүктүрүү жана белгиленген багыттар боюнча иштерди үзгүлтүксүз улантуу зарылдыгын белгилешти.


