2026–2027-окуу жылына аспирантурага кабыл алуу экзамендери аяктап, жаңы аспиранттар кабыл алынды

13 просмотров
2026–2027-окуу жылына аспирантурага кабыл алуу экзамендери аяктап, жаңы аспиранттар кабыл алынды

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде аспирантурага кабыл алуу экзамендери ийгиликтүү өткөрүлдү

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде 2026–2027-окуу жылына аспирантурага кабыл алуу экзамендери 1-октябрдан 9-октябрга чейин ийгиликтүү болуп өттү. Бул сынактар университеттин илимий потенциалын өнүктүрүүгө, жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоого жана жаш изилдөөчүлөрдү илимий ишмердүүлүккө тартууга багытталган.

Кабыл алуу кампаниясынын алкагында талапкерлер адистик предметтер боюнча экзамендерди тапшырып, теориялык билимдерин, тандаган илимий багыты боюнча даярдыгын жана илимий-изилдөө иштерине болгон кызыгуусун көрсөтүштү.

Экзамендерди өткөрүүгө университеттин илимий даражалары жана окумуштуулук наамдары бар тажрыйбалуу окумуштуулары, профессорлору жана окутуучулары тартылды. Сынактар ачык-айкындуулук, калыстык жана объективдүүлүк принциптеринин негизинде уюштурулду.

Аспирантура жаш изилдөөчүлөрдүн илимий потенциалын жогорулатууга, актуалдуу көйгөйлөрдү изилдөөгө жана жаңы илимий жетишкендиктерге жетишүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле ал университеттин илимий мектептерин өнүктүрүүгө жана жаңы муундагы илимий кадрларды даярдоого өбөлгө болот.

Сынактардын жыйынтыгы боюнча белгиленген талаптарга жооп берген жана жогорку упай топтогон талапкерлер ректордун тиешелүү буйругунун негизинде университеттин аспирантурасына кабыл алынышты. Жаңы аспиранттарга илимий изилдөөлөрүндө ийгиликтерди жана келечектеги иштеринде жогорку жетишкендиктерди каалайбыз.

Фотографии

Другие новости